Милиция "ымыркайды сатып салган" деген маалыматты текешере баштады
RU

Милиция "ымыркайды сатып салган" деген маалыматты текешере баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга "17 жаштагы кызды төрөтүп, баласын башкага берип салган" деген видео тараган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлө баштады.

Милициядан билдиришкендей, учурда ымыркайды багып жаткан айым К.А. райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Анын айтымында, наристенин энеси баланы өз ыктыяры менен таштап кеткен жана бала анын камкордугунда калганын айтып, социалдык тармактарда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирди

"Өспүрүм кесарево болгондуктан эжем экөөбүз ага жардам берип жүргөнбүз. 12-июнда наристенин апасы себеби жок эле үйдөн чыгып кетип, келбей жүрдү. Андан кийин Аламүдүн РИИБине адам жоголгондугу тууралуу арыз жазганбыз. Ошондон бери кызды мен карап жатам. Наристе сатылган жок, мына менин колумда. Биздин цехибиз жок, өспүрүм ал жакта иштеген эмес. Интернетке чыккан маалыматтар туура эмес, андыктан алардын жоопкерчилигин карап берүүңүздөрдү суранам", - деген ал.

Белгиленгендей, аталган окуя боюнча буга чейин милицияга арыз түшкөн эмес. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу текшерүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык укуктук баа берилип, тиешелүү чечим кабыл алынат.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18271