Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо "досумду колдойм" дейт
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Анын билдирүүсүн тарапташы Өткүрбек Рахманов соцтармакта бөлүштү.
Ташиев акыркы убактарда президенттик шайлоо боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатканын, ошондуктан өз позициясын ачык айтып коюуну туура көргөнүн белгилеген.
"Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Бул тууралуу буга чейин да бир нече жолу так айткам. Бүгүн дагы ошол генералдык сөзүмдөн кайтпайм! Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт", - деди.
Ал эми 2027-жылдагы президенттик шайлоодо Садыр Нургожоевич Жапаровду толук колдой турганын кошумчалап, бул дагы көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билдирди.
"Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдойм.
Досумду колдоо менен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам", - деп билдирди.
Ошондой эле анын атын пайдаланып, жалган маалыматтарды таратып, ушак-айың аркылуу элди адаштырууга аракет кылып жаткандар бар деп белгилеп, ишенбөөгө чакырды. Айтымында, андай адамдардын максаты коомго бүлүк салуу, элдин ынтымагын бузуу.
"Биз ар кандай кырдаалда достукка, берилгендикке жана мамлекетке болгон жоопкерчиликке бекем турушубуз керек.
Достуктун ыйык шартын кандай кырдаал болсо дагы сактоо менен биз келечек муунга үлгү болобуз. Биримдигибизди сактай алсак гана мамлекетибиз күчтүү болот, элибиздин келечеги кең болот", - деп кошумчалады.
