"Толкун болуп…" Ош-Ноокат жолундагы кемчиликти жоюуга 3 күн берилди
Социалдык тармактарда Ош–Ноокат унаа жолу ысыкта ээрип, тегиз болбой калганы тууралу видео тараган. Жолдун сапатына байланыштуу видеодон кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери көчмө лаборатория менен жеринде текшерүү жүргүзүштү.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө Ош–Ноокат унаа жолунун Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүндөгү 3-4-чакырымында бир катар кемчиликтер аныкталды. Асфальт-бетон төшөлмөсүнүн сапаты текшерилип, лабораториялык сыноо үчүн үлгүлөр алынды.
"Жыйынтыгында башкы подрядчы - "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына (ДЭУ-21) карата акт түзүлүп, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Кемчиликтерди жоюуга подрядчыга 3 күндүк мөөнөт берилди", - дешет министрликтен.
