Бишкекте санитардык нормалар сакталбаган ашканалар жабылды
Бишкек шаарынын Ленин районунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган коомдук тамактануу жайларынын ишин убактылуу токтотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашкан коомдук тамактануу жайларда санитардык талаптардын одоно бузулугандыгы аныкталган.
"Анын жыйынтыгы жана буга чейин берилген санитардык эскертүүлөрдү эске алуу менен мыйзамдарды бузууга жол берген 9 коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду", - дешет мэриядан.
Бишкек мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы санитардык ченемдердин сакталышын камсыздоо жана калктын ден соолугун коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантат.