Милиция бир нече унааны жана жөө адамдарды сүзгөн айдоочу баңгизат колдонгонун билдирди
RU

Милиция бир нече унааны жана жөө адамдарды сүзгөн айдоочу баңгизат колдонгонун билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айдоочу бир нече унааны коюп, андан соң жөө адамдарды сүзүп кеткен. Ал баңгизат колдонгон абалда болгон дешет Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы.

Такталгандай, 17-июлда саат 10:30 чамасында 1987-жылы туулган Ш.Ш. аттуу жаран BMW i7 xDrive60 унаасын айдап баратып, алдыдагы Honda Fit жана Hyundai Kona унааларын сүзүп, өтүп кеткен.

Айдоочу андан ары жол жүрүп, Changan жана Hyundai Sonata унаалар менен сүзүшүп, жолдун четине чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2009-жылы туулган жашы жете элек М.А. жаракат алып, медициналык мекемеге жаткырылган. Ошондой эле Hyundai Kona унаасынын 1964-жылы туулган айдоочусу ооруканага кайрылган.

Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгына ылайык, BMW i7 xDrive60 унаасынын айдоочусу (марихуана) баңгизатын колдонгон абалда болгондугу аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайда. Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18288