Wildberries кампасындагы өрт. Элчилик мекендештердин абалын тактап жатат
RU

Wildberries кампасындагы өрт. Элчилик мекендештердин абалын тактап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орусиянын Электросталь шаарында Wildberries кампасында дрондордун чабуулунан кийин өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, чабуулдун кесепетинен 24 адам жаракат алган жана каза болгондор бар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү аталган кампа объектисинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.

"Азыркы учурда мекендештердин арасында жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда. Ошондой эле зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө", - дешет элчиликтен.

Кампадагы өрт толугу менен өчүрүлө элек, аймак курчоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18291