Кыргыз балбан кыздары Будапештте эки медаль утту
365
Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова менен Гүлнура Таштанбекова байгелүү орундарды ээледи.
Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта финалга чейин ийгиликтүү жетип, чечүүчү беттеште кытайлык атаандашына жеңилип, күмүш медаль тагынды.
Ал эми 65 кг салмактагы Гүлнура Таштанбекова коло медаль үчүн беттеште чилилик балбанды жеңип, Кыргызстандын куржунуна дагы бир байге салды.
Мелдештер Будапешт шаарында уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18292