Нарында түндө жер титиреди
41
Нарын облсунун аймагында 20-июлга караган түнү күчү 4 баллга жеткен жер титиреди.
Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 02:41де Нарын районунун Оттук айылында 4 балл, Казан-Куйган, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз жана Эчки-Башы айылдарында 3.5 балл, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2 баллга чейин сезилген.
Учурда жер-жерлеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18299