ID-картаны ким акысыз ала алат? Тизме
RU

ID-картаны ким акысыз ала алат? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик каттоо кызматы май айынын башында Кыргызстандын аялуу катмарынын категориясына ID-карталарды (ички паспортторду) акысыз берүү боюнча улуттук кампания башталгандыгын эске салды.

Бул өнөктүктүн алкагында бүгүнкү күнгө чейин 67 арыз кабыл алынып, 37 паспорт берилген. Алардын арасында толук мамлекеттин камсыздоосундагы Экинчи Дүйнөлүк Согуштун үч ардагери жана 16 жаштан 18 жашка чейинки 64 жаш өспүрүмдөр колдоого алынууда.

Кыргыз паспортун (ID-карта) акысыз алуу укугу, жоготулган учурларды кошпогондо, төмөнкү категориядагы адамдар болушу мүмкүн:

  • мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана интернат тибиндеги социалдык жатак мектептерде жашаган 16 жаштагы балдар;
  • эки ата-энеси тең каза болгон 18 жашка чейинки жетимдер (томолой жетимдер);
  • мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;
  • мамлекеттик стационардык мекемелерде жашаган жана 70 жаштан ашкан пенсионерлер;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары (анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланышкан, концлагерлердин жашы жете элек туткундары) жана Баткен окуясынын катышуучулары.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык мүнөздө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1985