Садыр Жапаров Сауд Арабиясынын Королун Кыргызстанга чакырды
RU

Садыр Жапаров Сауд Арабиясынын Королун Кыргызстанга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана анын өнүгүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында талкуу жүрдү.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Арабиясы менен эки тараптуу боордош элдердин кызыкчылыгындагы өз ара колдоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр.

Ал Сауд Аравиясы Кыргызстанга ар дайым оор мезгилде жардам көрсөтүп келгендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын элдеринин кызыкчылыктарын канааттандырган биргелешкен өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2067