Роналду колун бир жаңсап Coca-Cola кампаниясынын акцияларын 4 миллиардка түшүрдү
RU

Роналду колун бир жаңсап Coca-Cola кампаниясынын акцияларын 4 миллиардка түшүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Криштиану Роналду Португалия менен Венгрия матчынын алдында өтө турган басма сөз жыйынына катышкан. Андан кийин Coca-Cola компаниясынын акциялары 4 миллиард долларга түшүп кеткен. Мындай жаңылыкты Daily Mail агенттиги жазды.

Пресс-конференция учурунда португал курама командасынын капитаны столдун үстүндө турган Coca-Cola'нын бөтөлкөлөрүн четке жылдырып, суу куюлган бөтөлкөнү калтырган. Андан кийин аны колуна алып: "суу бул кола эмес" деп айткан.

Басылма белгилегендей, Евро-2020 мелдешине демөөрчү болгон Coca-Cola'нын акциялары Роналду коладан баш тарткандан кийин 30 мүнөттүн ичинде 1,6%га түшүп кеткен. Компаниянын наркы 242 миллиарддан 238 миллиардка арзандаган. Ошону менен жалпы чыгым 4 миллирд долларды түздү.

Бирок эксперттер бул окуялар бири-бирине байланышы жок деп айтышты. Алардын айтымында компаниянын акциялары пресс-конференция болгонго чейин эле төмөндөп баштаган.

Coca-Cola компаниясынын өкүлдөрү бул инцидентке эч кандай комментарий беришкен жок. Бирок социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында ажиотаж жаралды. Көпчүлүк Роналду ар дайым туура тамактанып, эч качан ден соолукка зыян алып келүүчү, газдалган суусундуктарды саткан фирмалардын жарнамалык акцияларына катшыкан эмес, деп белгилешти. Футболист шекер колдонбойт жана диета сактайт.

Роналдудан кийин Франциянын жарым коргоочусу Поль Погба кесиптешинен үлгү алып, столдун үстүнөн Heineken сырасынын бөтөлкөсүн алып салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2115