Karven'дин кожоюну Генрих Балян мамлекете 60 миллион сом төлөдү
RU

Karven'дин кожоюну Генрих Балян мамлекете 60 миллион сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Karven жана Karven Four Seasons эс алуу борборлорунун кожоюну Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом төктү. Бул туурлуу Kaktus.media редакциясына УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 17-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда камакка алынган Балянга жазага тартуу чарасы каралат.

Бүгүнкү күндө ал мамлекетке 60 миллион төлөгөнү белгилүү болду.

Мындан мурун УКМК берген маалыматка ылайык, "Карвен групп" компаниясынын ээси банктардын биринин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, $2,3 млн насыя алган. Залог катары баасы ашкере жогору көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк коюлган.

Белгилей кетсек, "Российский инвестиционный банк" аталышын өзгөртүп, учурда "Керемет банк" болуп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2118