Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахир" диний-экстремиттик уюмунун мүчөсү кармалды
RU

Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахир" диний-экстремиттик уюмунун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 16-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, буга чейинки козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында, Кара-Суу районунун тургуну, 23 жаштагы Г.А., аттуу жаран кармалган. Мындай маалыматты Ош ОИИБсинин басма сөз кызмты жиберди.

Аталган жаран "Хизбут-Тахрир" диний-экстремиттик уюмунун активдүү мүчөсү катары жүргөн, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремиттик уюмунун аудио-видео материалдарын, жана атрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык -Процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды, учурда тергөө амалдары уланууда. Ал эми, аталаган кылмыш ишинин алкагында башка да кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, деп Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2120