Кытайлыктар он кабат үйдү бир күндө куруп коюшту. (видео)
RU

Кытайлыктар он кабат үйдү бир күндө куруп коюшту. (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдагы курулуш компаниялардын бири он кабат үйдү бир күндө курду, тагыраак айтканда 28 саат 45 мүнөттө. Бул тууралуу New Atlas басылмасы жазып чыкты.

Имарат Living Building конструкцияларынын жардамы менен тургузулду.

Бул системанын өзгөчөлүгү, ар бир курулуш модулдун бүктөлгөн көлөмү транспорттук контейнердин көлөмүнө барабар. Мындай болушу курулуш материалдарды дүйнө жүзүнүн каалаган жерине жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Модуль дат баспай турган болоттон турат. Анын электр зымдары, изоляциясы, айнек салынган терезелери жана вентиляция системасы бар. Имаратты тургузуу үчүн компания курулушчулардын чакан бригадасын жана үч кранды колдонгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2166