Алмамбет Салиевдин $900 миңге чукул бааланган мүлкү бар. Тизме
RU

Алмамбет Салиевдин $900 миңге чукул бааланган мүлкү бар. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-июнда Кыргызстандын УКМКсы КРдин президентинин аппарат башчысынын мурунку орун басары Аламабет Салиевди камакка алды. Жогорку кызматтагы чиновник мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жаткандыгы ошондо эле белгилүү болгон. Бирок атайын кызмат Салиевдин мүлкү тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

Kaktus.media Алмамбет Салиевге таандык болгон айрым кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат чогултту. Бирок мүлктүн басымдуу бөлүгү анын жакындарына жана туугандарына катталган. Такталбаган маалымат боюнча ал ири суммадагы каражатты Кыргызстандын курулуш компанияларынын бирине инвестиция кылган.

Алмамбет Салиевдин кирешелер декларациясына ылайык 2016-2020-жылдары анын негизги кирешеси айлык акысы, жылкыларынан жана бодо мал менен койлордон түшкөн киреше болчу.

2016-жылы Салиев 137 миң сом киреше тапкан. 2017-жылы 1 млн 116 миң 289 сом, 2018-жылы 2 млн 672 миң 396 сом, 2019-жылы 1 млн 910 миң 304 сом. 2020-жылы 2 млн 358 миң 748 сом. Жалпы кирешеси 8 млн 195 миң 939 миң сомду түздү.

Акчасын кайда инвестиция кылган?

Күч структураларынан берилген маалыматка ылайык, Алмамбет Салиев келини Гүлмира Мойдунованын агасынын жардамы менен "Датка" турак жай комплексин курууда үлүштүк катышуу боюнча келишим түзгөн. Имарат Ош шаарындагы А.Навои көчөсү №10 дарегинде жайгашкан. Кеңсе мекемесинин жалпы аянты 844,5 квадрат метр, сумма 50 млн 247 миң сом.

Айрым маалыматтарга ылайык, Алмамбет Салиев менен байланышы бар адамдарга катталган кыймылсыз мүлк объектилердин жалпы суммасы $900 миңди түзөт.

Мүлктүн тизмеси

Күч структураларындагы кызматкерлердин версиясы боюнча ал мүлктү туугандарына жана аффирленген жактарга тариздеген. Аларда мындай киреше булактары жок.

Алмамбект Саалиевдин бир тууган эжеси Динаранын Күйөөсү Раатбек Орозалиевге Ч.Айтматов №91 көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү квартира жазылган, орто баасы $100 миң. Бул батирде Аламабет өзү жашайт.

Орозалиевге андан тышкары Элебаев №2 көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү эки батир жана эки паркинг катталган. Алардын жалпы суммасы $120 миңди түзөт.

Алмамбет Салиевдин дагы бир эжеси - Мээрим Бакыевага Матросов №35 көчөсүндөгү навайкана катталган. Анын болжолдуу баасы $50 миң.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2168