"Манас" аэропорту узатуучу жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу чектөөлөрдү киргизди
RU

"Манас" аэропорту узатуучу жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу чектөөлөрдү киргизди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" Эл аралык Аэропорту" ААК: Узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн "Манас", "Ош" жана "Исык-Көл" эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр кирди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы эскертти.

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 2021-жылдын 24 июнунан тартып "Манас", "Ош" жана "Исык-Көл" эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу кирүүгө чектөө киргизет.

Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат.

Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

"МЭА" ААК жүргүнчүлөр жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2172