Пандемиядан кийин дүйнөлүк эмгек рыногун кантип калыбына келтирүү керек?
RU

Пандемиядан кийин дүйнөлүк эмгек рыногун кантип калыбына келтирүү керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык эмгек уюму татыктуу жумуш орундарын түзүү жана теңсиздикти жоюу пандемиядан кийин дүйнөлүк эмгек рыногун калыбына келтирүүгө жардам берет деп эсептейт.

Женевада өткөн Эл аралык эмгек конференциясында Эл аралык эмгек уюму COVID-19 пандемиясынан жабыркаган эмгек рыногун калыбына келтирүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн жетектөөчү ролду ойноого жана өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тийиш деген чакырыктар жаңырып өттү.

Уюмдун сайтында конференцияга 181 өлкөнүн делегаты, анын ичинде өкмөттөрдүн, кызматкерлер менен иш берүүчүлөр уюмдарынын өкүлдөрү катышып, COVID-19 пандемиясынан кийин адамдарга багытталган калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу Глобалдык чакырыкты бир добуштан кабыл алышты деп билдирилет.

Алар бардыгына татыктуу жумуш орундарын түзүү жана каатчылыктан улам келип чыккан теңсиздикти жоюу биринчи орунга коюлушу зарыл деп билдиришти.

Жетишилген келишимдер макулдашылган иш-аракеттердин эки пакетин камтыйт.

  • Биринчисинде өкмөттөр жана алардын иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер сыяктуу социалдык өнөктөштөрү тарабынан анда жумуш орундарын түзүүгө түрткү болгон, кызматкерлерди коргоону жана жалпы эле социалдык коргоону бир кыйла күчөтүүчү жана жашоого жөндөмдүү ишканаларды колдоону камсыз кылуучу экономиканы калыбына келтирүүгө жетишүү үчүн көрүлүүгө тийиш болгон чаралар аталган.
  • Экинчи пакет эл аралык кызматташтыкка жана көп тараптуу уюмдардын, анын ичинде ЭЭУнун ролуна арналган. Ага киргизилген чаралар пандемиядан кийин адамдарды калыбына келтирүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашыруу үчүн алар тараптан кыйла жигердүү жана макулдашылган колдоону камсыз кылууга үндөйт.

Эл аралык эмгек уюму буга чейин пандемиянын эмгек рыногуна тийгизген таасирине баа берүү менен, өзүнүн "Эл аралык эмгек уюму: COVID-19 жана эмгек рыногу" Жарчысында 2020-жылы дүйнөлүк эмгек рыногундагы дестабилдештирүү тарыхта болуп көрбөгөндөй масштабдарга жеткендигин көрсөткөн.

Басылмада: "2020-жылы жумуш убактысынын жалпы дүйнөлүк көлөмү 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу болжол менен 8,8%га кыскарды, бул 255 миллион кызматкердин толук жумуш убактысына эквиваленттүү.

Латын Америкасында жана Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө, Түштүк Европада жана Түштүк Азияда жумуш убактысындагы жоготуулар абдан олуттуу болду. 2020-жылы жумуш убактысындагы жоготуулар 2009-жылдагы дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын жүрүшүнө караганда болжол менен төрт эсе жогору болду", - деп айтылат.

Үстүбүздөгү жылы Эл аралык эмгек уюму дагы анчалык оптимисттик эмес божомолдорду берип, "2021-жылдын экинчи жарымында COVID-19 эмдөөсү жайылтылгандан кийин туруктуу экономикалык калыбына келүү үмүтү болгондугуна карабастан, дүйнөлүк экономика дагы деле бир кыйла белгисиздик абалда калып, калыбына келтирүүдө теңсиздик коркунучу орун алган. Акыркы божомолдор 2021-жылы эмгектин жетишсиздиги сакталып каларын көрсөтүп турат", - деп белгилейт.

Бул божомолдор жарым-жартылай ишке ашып жатат, анткени көпчүлүк мамлекеттер дагы деле пандемиянын терс таасири астында калууда. Алар популярдуу эмес чараларды көрүүгө, анын ичинде экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндөгү ишке олуттуу чектөөлөр, биринчи кезекте, бул көп сандаган адамдар жумуш менен камсыз болгон жана байланыштын деңгээли өтө жогору болгон, таажывирус инфекциясынын жайылышынын бир канча толкунунан ансыз да абдан жабыр тарткан кызмат

көрсөтүүлөр чөйрөсүнө тиешелүү кадамдарга барууга аргасыз болушууда.

Бул көйгөй Кыргызстанды да айланып өтө алган жок. ЭЭУнун баалоосу боюнча каатчылык мезгилдин башталышында Кыргызстанда болжол менен 737 миң кызматкер ковид каатчылыгынан экономиканын эң көп жабыр тарткан секторлорунда эмгектенип келишкен. Алар:

  • соода,
  • транспорт,
  • кампа чарбалары,
  • мейманкана бизнеси,
  • коомдук тамактануу,
  • кыймылсыз мүлккө байланыштуу операциялар,
  • искусство,
  • көңүл ачуу тармактары.

Эпидемиологиялык абалдын начарлашы Бишкек ш. мэриясы менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызын аралыктан иштөө режимине которууну сунуштаганча, эмгек рыногуна таасирин тийгизүүчү популярдуу эмес чечимдерге кайрадан алып келиши мүмкүн. Балким, башка аймактар дагы борбор шаардын артынан эле ушундай чараларды көрүшү мүмкүн.

Zanyatost.kg порталынын маалыматына ылайык Кыргыз Республикасында расмий жумушсуздуктун деңгээли 2021-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 3,1%ды түздү. Жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 104,4 миң адамды түзгөн. Расмий катталган жумушсуздардын саны 80,6 миң адамды түздү. Март айында алардын саны 78,4 миң болсо, 2020-жылдын июнь айында - 78,5 миң.

Жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү өкмөт үчүн маанилүү милдеттердин бири бойдон калууда, порталдын жарыясында: "жумушсуздук деӊгээлинин өсүшүндө жана жумуш орундарынын жетишсиздигинде жумушсуз жарандарды окутуу - артыкчылыктуу багыт болуп саналат" – деп көрсөтүлөт.

Ушуга байланыштуу жумушсуздардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптердин жумушчу күчүнө болгон муктаждыктарды эске алуу менен, жумуш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 2021-жылдын 1-июнуна карата 3 миң 299 жумушсуз жаран кесиптик окутууларга жиберилген.

Жалпысынан, июнь айынын башында "эмгек рыногундагы жигердүү чаралар менен 9 036 жумушсуз жаран камтылган".

Кыргызстан дагы ЭЭУнун мүчөсү катары эмгек рыногун калыбына келтирүү боюнча глобалдык пландардын чөйрөсүндө болуп калышы мүмкүн, иш берүүчүлөр уюмдары жана кесиптик бирликтер менен биргеликте пандемия шарттарында иш-аракеттер боюнча колдонмо иштелип чыгып, каатчылыктын кесепеттерин мүмкүн болушунча тез арада жоюуга багытталган зарыл жолугушуулар менен консультациялар өткөрүлүүдө.

ЭЭУнун башкы директору Гай Райдер Эл аралык эмгек конференциясында жетишилген келишимдерге комментарий берип жатып: "бардыгын камтыган, туруктуу жана ишенимдүү калыбына келтирүүнү камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болушу керек" – деп билдирди.

"Так жана ар тараптуу жолду көрсөтүүчү кабыл алган резолюциябыз дүйнө өлкөлөрүнө эч кимди өнүгүүнүн сыртында калтырбаган адеп-ахлактык жана саясий умтулууну айкын иш-аракеттерге айландырууга жардам берет", - деди ЭЭУнун башкы директору.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2208