Зомбулук жана куугунтуктоо көйгөйлөрү боюнча биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди
RU

Зомбулук жана куугунтуктоо көйгөйлөрү боюнча биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык эмгек уюму Зомбулук жана куугунтуктоо жөнүндө конвенцияны ратификациялоо үчүн бүткүл дүйнөлүк өнөктүктү баштады.

Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо көйгөйлөрү боюнча биринчи эл аралык келишим ЭЭУ тарабынан өткөрүлүүчү Эл аралык эмгек конференциясында (ЭЭК) бекитилгенден эки жыл өткөндөн кийин - 2021-жылдын 25-июнунда күчүнө кирет.

Бүгүнкү күндө 2019-жылдагы Зомбулук жана куугунтуктоо жөнүндөгү конвенция (№190) алты өлкө - Аргентина, Намибия, Сомали, Уругвай, Фиджи жана Эквадор тарабынан ратификацияланган. Конвенцияны ратификациялаган өлкөлөр үчүн анын жоболору ратификациялангандан кийин бир жылдын ичинде милдеттүү юридикалык күчкө ээ болот.

№ 190 Конвенция № 206 Сунуш менен катар эле ар бир адамдын зомбулугу жана куугунтуктоосу жок эмгек чөйрөсүнө болгон укугун тааныйт жана бул багытта иш-аракеттер үчүн жалпы негизди түзөт.

Анда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулуктагы, анын ичинде гендердик зомбулуктагы жана куугунтуктоодогу эл аралык деңгээлде таанылган биринчи аныктама берилген.

Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо ар кандай формаларда пайда болот жана дене бойлук, психологиялык, сексуалдык жана экономикалык зыяндарга алып келет. Конвенция кабыл алынгандан кийин бул көйгөй COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы курч маселеге айланды. Ал жайылтылып жаткан учурда көптөгөн өлкөлөрдөн эмгек чөйрөсүндө, айрыкча аялдарга жана калктын аялуу топторунун мүчөлөрүнө карата зомбулуктун жана куугунтуктоонун ар кандай көрүнүштөрү тууралуу билдирүүлөр келип жатты.

Конвенция күчүнө киргендигине байланыштуу Эл аралык эмгек уюму аны ратификациялоо жана турмушка ашыруу боюнча бүткүл дүйнөлүк өнөктүктү баштоого ниеттенүүдө. Өнөктүктүн максаты - жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө конвенциянын маңызын, ошого арналган көйгөйлөрдү жана анда сунушталган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону жок кылуу жолдорун түшүндүрүү.

"Эмгек чөйрөсүнүн мыкты келечеги - зомбулукка жана куугунтукка орун жок келечек. Мен дүйнө мамлекеттерин ушул Конвенцияны ратификациялоого жана иш берүүчүлөр, кызматкерлер жана алардын уюмдары менен биргеликте анда кадыр-барк, коопсуздук жана ден-соолук жалпы дөөлөт болуучу эмгек чөйрөсүн курууга салым кошууга чакырам".

Гай Райдер, ЭЭУнун Башкы директору.

"Эмгек чөйрөсүнүн мыкты келечеги - бул зомбулук менен куугунтуктоого орун калтырылбаган келечек", - деп билдирди Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директору Гай Райдер өзүнүн бүткүл дүйнөлүк өнөктүктүн башталышына карата кайрылуусунда. – "№190 Конвенция Эл аралык эмгек уюмунун бардык мүчө мамлекеттерин эмгек чөйрөсүндөгү зомбулуктун жана куугунтуктун бардык түрлөрүн түп-тамырынан бери жок кылууга үндөйт. Мен дүйнө мамлекеттерин ушул Конвенцияны ратификациялоону жана иш берүүчүлөр, кызматкерлер жана алардын уюмдары менен биргеликте анда кадыр-барк, коопсуздук жана ден-соолук жалпы дөөлөт болуучу эмгек чөйрөсүн курууга салым кошууну абдан сунуштайм".

Өнөктүк ЭЭУ тарабынан жарыяланган 2021-жылдын 21-июнунан 25-июнуна чейин өтө турган № 190 Конвенцияны ратификациялоо үчүн иш-аракеттер жумалыгында ишке киришип баштайт.

Иш-аракеттер жумалыгынын максаты - дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн Конвенцияны ратификациялоого жана аны турмушка ашырууга болгон умтулууларын ырастоого чакыруу.

21-июндагы Иш-аракеттер жумалыгынын алкагында биринчи иш-чара жогорку деӊгээлдердеги пикир алмашуу болмокчу, ага ЭЭУнун Башкы директору, Аргентинанын жана Мадагаскардын эмгек министрлери, Эл аралык иш берүүчүлөр уюмунун (ЭИУ), Кесиптик бирликтердин эл аралык конфедерациясынын (КБЭК), Европа комиссиясынын жана Парламенттер аралык бирликтин өкүлдөрү катышат.

ЭЭУ иш-аракеттер жумалыгынын аягында үч тараптуу катышуучулар жана башка кызыкдар тараптар үчүн Конвенция менен сунуштарды жылдырууга жана ишке ашырууга арналган колдонмо чыгарат. Бул документте ушул тармактагы негиз болуучу принциптер жана эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону алдын алуу жана жок кылуу үчүн дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн иш-аракеттери, анын ичинде тиешелүү улуттук мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын жана саясий кадамдардын мисалдары келтирилет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2281