Эмне үчүн Садыр Жапаров көз айнек кийип жүрөт? Пресс-кызмат түшүндүрмө берди
RU

Эмне үчүн Садыр Жапаров көз айнек кийип жүрөт? Пресс-кызмат түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы: Эмне үчүн президент Садыр Жапаров имараттын ичинде жүргөндө да күндөн калкалоочу көз айнек кийип жүрөт? - деген суроону президенттин басма сөз кызматына узатты.

Белгилей кетсек, президент акыркы кезде көз айнегин чечпей жүрөт. Маселен, өткөн жумада коронавируска каршы вакцинациядан өткөн болчу. Бирок, соода борбордун ичинде жүргөндө да көз айнегин чечкен эмес. Окурмандардын көпчүлүгү "эмне үчүн" деген суроону беришти.

Бүгүн, "Алтын" зергер заводунун ачылышында.

"Жапаров көз айнекчен жүрүүгө аргасыз, анткени жакында эле көзүнө операция жасаткан", - деп басма сөз кызматы билдирди.

Президентке ылдыйкы сурмасынын энтропиону (энтропион нижних век) деген диагноз коюлган болчу, ошондон улам хирургиялык кийлигишүү зарылчылыгы пайда болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2749