Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимп оюндарына сапар тартты. (Видео)
RU

Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимп оюндарына сапар тартты. (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-июлда, Кыргызстандын үч спортчудан турган күрөш боюнча айымдар курама командасы Токиодогу Олимп оюндарына бет алышты.

Белгилей кетсек спорттук мелдешке Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы бара жатышат.

Команданы кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев (баса белгилеп кетчү жагдай ал депутат болгонго чейин эле улук тренер болчу) коштоп барат.

1-августта Айпери Медет кызы беттешке чыгатю Андан эртеси - Жуманазарова, ал эми 3-августта Тыныбекова.

Эске салсак, мындан бир күн мурун Олимпиадага грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атазбек Азисбеков жана Узур Жузупбеков жөнөп кетишкен. Команда менен бирге башкы машыктыруучу Азат Эримбаев жана улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков чыккан.

Грек-рим күрөшу боюнча биздин спортчулардан алгачкы болуп 1-августта Шаршенбеков старт алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2782