Мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Жапаров эмдөөдөн өтпөгөндөргө кайрылды
RU

Мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Жапаров эмдөөдөн өтпөгөндөргө кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктардан коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтүүнү суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына жазган.

Президенттин айтымында, акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат.

"Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда.

Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар", - дейт ал.

"Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар!" - деп Садыр Жапаров элге кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2791