Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аталышы өзгөртүлдү.
RU

Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аталышы өзгөртүлдү.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Билдирүүдө түшүндүрүлгөндөй, "мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө бирдиктүү саясат жүргүзүү" максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атын Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия деп атоо чечими кабыл алынды.

Улуттук комиссиянын кароосуна төмөнкүлөр өткөрүлүп берилди:

  • Өкмөттүн алдындагы Улуттук илимдер академиясынын "Башкы редактордук кеңеши", ошондой эле терминология комиссиясы - Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Президенттин алдындагы Кыргыз Энциклопедиясы жана Терминология Борборуна айлантылды;
  • "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси - Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине которулду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2809