Куванычбек Конгантиев спикер болду. Биринчи жыйын кандай өттү?
RU

Куванычбек Конгантиев спикер болду. Биринчи жыйын кандай өттү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-июлда, Бишкек шаардык кеңештин алгачкы сессиясында спикер болуп Куванычбек Конгантиев дайындалды.

45 депутаттын ичинен Конгантиевге 41 киши добушун берген, экөөсү каршы болсо, экөөсү добуш беришкен эмес

Шаардык спикер тууралуу эмнелер белгилүү?

Куванычбек Камбаралыевич Конгантиев, 1980-жылы 1-июнда Пржевальскийде (азыркы Каракол) туулган.

Үч жогорку билими бар:

  • АУЦА - юриспруденция;
  • КУУ - юриспруденция;
  • ТИМге караштуу дипакадемия - эл аралык мамилелер.

Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолун 2004-жылы, юрист болуп иштеп баштаган. 2009-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болчу.

2010-2011-жылдары - КРдин Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти.

Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин 26-27-чакырылыштарынын депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын лидери.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Мурунку генпрокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу жана ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Конгантиевдин иниси.

Конгантиев "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болду. Буга чейин шаардык кеңешке "Кыргызстан" жана "Республика" партияларынын курамында кирген.

Көпчүлүк коалициясы

Көпчүлүк коалициясына "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Өнүгүү програсс" фракциялары кирди.

"Ынтымак" менен "Социал-демократтар" азчылыкта калышты. Бирок, оппозицияга кетебиз, деп билдирүү жасашкан жок - унчукпай кутулушту.

Көпчүлүк коалициясынын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков шайланды ("Ишеним"), анын орун басары - Олег Попиков ("Өнүгүү-Прогресс").

Мурунку депутаттар - жаңы лидерлер

Фракциянын лидерлери төмөнкүлөр:

  • "Эмгек" - Жумабек Салымбеков;
  • "Ата-Журт Кыргызстан" - Алымбек Бактыбеков;
  • "Ишеним" - Сайдахмат Исмаилов;
  • "Ынтымак" - Казыбек Эргешов;
  • "Өнүгүү-Прогресс" - Манас Абдыллабек уулу;
  • "Социал-демократы" - Кадырбек Атамбаев.

Анын ичинен төртөө депутат болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2827