Кыргызстандын медалчылары Олимпиадалык айылдан чыгып кетишти. Алар мекенине кайтууда
RU

Кыргызстандын медалчылары Олимпиадалык айылдан чыгып кетишти. Алар мекенине кайтууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-августта саат 15:30 чамасында Токио Олимпиадасынын медалчылары Олимпиадалык айылдан чыгып, аэропортко бет алышты.

Аларды үйүнө Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, тактап айтканда биринчи вице-президент Канат Аманкулов жана башкы катчы Саламат Эргешов коштоп келишти.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командалары Бишкекке жөнөп кетишти. Алар эртең Бишкекке келишет.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда Олимпиадалык үч медаль бар, анын экөө кыз-келиндер күрөшү боюнча жана бирөө грек-рим күрөшү боюнча. Тактап айтканда, Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болушту.

Бүгүн эркин күрөш жана жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командалары Олимпиадада.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2929