Кабул шаарында бензин калбай калды
RU

Кабул шаарында бензин калбай калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Талибан" кыймылы ээлик кылгандан кийин Ооганстандын борбору Кабул шаарында күйүүчү май калбай калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Шаардагы май куюучу жайларда бензин кескин кымбаттап кеткен. Маселен буга чейин 50 афгани турса (62 цент) учурда баасы 70 афганиге (86 центке) көтөрүлдү. Бирок, кымбат болгону менен май жок. Жада калса, аскер унаалары да бензини жок токтоп турушат. Алар май куючу жайларда катар-катар тизилип турушат.

Мындан тышкары шаардын көчөлөрүндө эл көп эмес. Шаардагы чоң дүкөндөр жабык, кичинекей дүкөндөр гана ачык.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантып, учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагы талибандардын көзөмөлүнө өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3055