Саламаттык министрлиги: Кант шаарынын тургуну вакцинациядан каза болгон жок
RU

Саламаттык министрлиги: Кант шаарынын тургуну вакцинациядан каза болгон жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кант шаарында коронавируска каршы вакцинациядан каза болгон имиш окуяны териштирип, эмдөөгө тиешеси жоктугун аныктады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Эмдөө борборунун жетекчиси Гульбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, каза болгон кишинин эмделгенине бир айдан ашкан. Андан тышкары анын жүрөк кан тамыр системасынын оорусу бар болчу. Так ошол илдет өлүмүнө себепкер болду.

Мындан мурун Facebook'тун колдонуучусу "Биринчи радиодо" болуп жаткан эфир учурунда Ишенапысовага суроо менен кайрылып, Кант шаарында турган полковник Жугаш дегендин эмдөө алгандан кийинки өлүмү боюнча кандай комментарий бере алат деп кайрылган болчу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3106