Бишкекте Daewoo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу КамАЗ менен болгон кырсыктан каза тапты
RU

Бишкекте Daewoo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу КамАЗ менен болгон кырсыктан каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Панфилов районунда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 85-чакырымында (Панфиловское айылы) КамАЗ менен Daewoo Nubira жеңил унаасы кагылышып жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгынын кесепетинен Daewoo Nubira жеңил унаасынын айдоочусу 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя болгон жерге №22 Жайыл КББнын 4 куткаруучусу тартылып, алар маркумду унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3254