Эгемен Кыргызстандын эл аралык рейтинги
RU

Эгемен Кыргызстандын эл аралык рейтинги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эңшерилген экономика

Экономикадан баштасак. Себеби кыргыз экономикасы 30 жыл ичинде бир нече көрсөткүч боюнча коңшу мамлекеттерден артта калды.

Алгач ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүн салыштырып көрөлү. Дүйнөлүк банктын 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган эсебине ылайык, Кыргызстан (7 млрд. 735 млн. доллар) ички дүң продукциянын көлөмү боюнча ушул тапта дүйнөдөгү 200дөн ашуун өлкөнүн ичинен 152-орунда же мурдагы советтик республикалардын ичинен эң акыркы катарда турат.

Узак жылдан бери постсоветтик алкакта экономикасы эң начар деп мүнөздөлүп келген Тажикстан 2020-жылы Кыргызстандан эки баскычка алдыга чыкты. Дүйнөлүк банктын бул тизмесинде Казакстан 53-орунда, Өзбекстан 80-орунда, Түркмөнстан 89-орунда турат.

Эми экономиканын өсүү темпин салыштыралы. Ушул эле Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 30 аралыгында Кыргызстандын экономикасы дээрлик үч эсе өстү. Ошол эле учурда Казакстанда ички дүң жыйымдын көлөмү жети эсе, Тажикстандыкы алты эсе, Өзбекстандыкы төрт эсе көбөйдү.

ИДПнын жан башына үлүшү

Натыйжада учурда Кыргызстан ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү боюнча дүйнөдө 200дөн ашуун өлкөнүн ичинен акыркы 30 мамлекеттин катарында же 183-орунда турат.

Кыргызстандын бир жылдык ички дүң жыйымын жалпы калктын санына бөлсөк, ар бир кыргыз жаранына 1 173 доллардан тийет. Бул жагынан мурдагы Советтик республикалардын ичинен Тажикстан гана Кыргызстандан артта турат. Салыштыруу иретинде айтсак, Казакстандын көрсөткүчү Кыргызстандан кеминде сегиз эсе көп.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировдун кыргыз экономикасынын мындай көрсөткүчтөрүнө таң калуунун кажети жоктугун, себеби Кыргызстанда соңку 30 жыл ичинде экономикага көңүл бурулбаганын айтты.

"Элди кандай күрөшсөң, ошондой күрөшөсүң деген абалга таштап койдук. Жыйынтыгында 1 миллионго жакын адам айла жоктон миграцияга кетти. Кыргызстандагы жумушка жарактуу 2,5 - 3 миллион адамдын миллионго жакыны сыртта жүрөт деген сөз - бул бизде чындыгында жумушсуздук 30-40% дегенди билдирет. Өлкөнүн ичиндеги жумушсуздукту кошкондо 50% жакындайт. Ушунун баары кошулуп, Кыргызстан ички дүң продукциянын көлөмү боюнча чындыгында постсоветтик өлкөлөрдүн арасында эң аягында болуп калды. Экономика саясатын жүргүзүш оңой эмес. Узак мөөнөттүү туруктуу саясат болушу керек. Туруктуу көз караш менен бир дагы бийлик алектенген жок. Тилекке каршы, көп жерден коррупция, трайбализм, достук жеңип кетип жатат. Бирок экономика эмес. Экономика - бул элдин чыныгы жашоо-турмушу. Эми алдыда экономиканы бутуна тургуза турган күндөр келет деген ойдобуз", - деди Абакиров.

Демократия жана жарандык эркиндик

Демократиянын абалын талдасак. Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдарында "демократиянын аралчасы" деген атка конгону белгилүү. Бирок быйыл Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу "эркин эмес" мамлекеттердин катарына кошту.

Уюмдун "Дүйнөдөгү эркиндик-2021" аттуу жаңы баяндамасы өткөн жылы Кыргызстанда жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткенин көрсөттү. Жаңы жарыяланган рейтингде Кыргызстандын көрсөткүчү 11 упайга төмөндөдү (2019-жыл: 100дөн 39 упай / 2020-жыл: 28 упай).

Мындай упай менен Кыргызстан 2009-жылдан бери биринчи жолу "жарым-жартылай эркин" деген макамынан ажырап, Борбор Азиядагы "эркин эмес" төрт мамлекеттин катарына кошулду. Ошондой эле, дүйнөдөгү 195 өлкө жана 15 субъекттин арасынан бир жыл ичинде эң көп упай жоготкон мамлекет болуп калды.

Кыргызстан бул уюмдун тизмесине 1991-жылы "жарым-жартылай эркин" деген макам менен кошулган. 2000-жылга чейин бул статусун сактап келип, Аскар Акаевдин бийликтеги акыркы беш жылында "эркин эмес" мамлекеттердин катарына кирген.

"Жоогазын ыңкылабынын" илеби менен кайра "жарым-жартылай эркин" өлкөгө айланып, Курманбек Бакиевдин бийликтеги акыркы жылында бул макамынан ажыраган. 2009-жылы Кыргызстандын "эркин эмес" мамлекеттердин катарына кошулушуна ошол жылы Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланып келишине жол ачкан талаштуу президенттик шайлоо жана жарандык эркиндиктин чектелиши себеп болгон.

Быйыл май айында Freedom House уюмунун изилдөөчүсү Майкл Смельцер (FH) "Кыргызстанды дале болсо Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы деп атоого болобу?" деген суроого мындай жооп берген эле:

"Кыргызстанды дале "демократиянын аралчасы" деп айтуу абдан кыйын. Кыргызстанда өтө жигердүү жарандык коом бар. Ал чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан күчтүү. 2020-жылы жарандык коомдун чечкиндүүлүгүн көрдүк. Октябрь айындагы шайлоодон кийинки башаламандык маалында жарандык коомдун өкүлдөрү коопсуздукту камсыздоого активдүү аралашты. Андыктан өлкөдө демократияга кам көргөн адамдар бар. Бирок өкмөт, жергиликтүү бийлик же сот системасы сыяктуу мамлекеттик институттарды жана шайлоо процесстерин ачык-айкын же демократиянын стандарттарына төп келет деп айтуу кыйын".

Басма сөз эркиндиги

Ошентсе да жетишкендиктер жок эмес. Соңку жылдары Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда гана эмес, айрым КМШ өлкөлөрүнүн арасында туруктуу түрдө алдыда келе жатат. "Чек арасыз" кабарчылар уюмунун "Пресса эркиндиги" аттуу рейтингинде Кыргызстан быйыл 180 мамлекеттин ичинен 79-орунга чыкты. Коңшу өлкөлөрдүн көрсөткүчү Кыргызстандан дээрлик эки эсе төмөн. Ошол эле учурда басма сөз эркиндиги боюнча Грузия (60), Армения (63) Кыргызстандан кыйла алдыраак турат.

"Чек арасыз" кабарчылар уюму бул рейтингин 2002-жылдан бери жарыялап келет. Ага ылайык, Кыргызстанда биринчи президент Акаевдин бийликтеги акыркы жылдарында басма сөз эркиндиги начарлап, бул тенденция Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы бир нече жылында ого бетер күчөгөн.

2010-жылы Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 159-орунга чейин түшүп, Казакстан, Өзбекстан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн катарынан орун алган. 2014-жылдан баштап көрсөткүчтөр акырындап жакшырып, Кыргызстан алгачкы 100 өлкөнүн катарына кошулган. Ошентсе да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы жылында Кыргызстан тогуз баскычка артка кеткен.

Коррупция

Ал эми коррупция маселесинде көрсөткүчтөр көңүл жылытарлык эмес. Кыргызстан 30 жыл ичинде дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан мамлекеттердин тизмесинен чыкпай келатканын Transparency International уюмунун рейтинги күбөлөп турат. Учурда уюмдун Коррупцияны кабылдоо индексинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 124-орунда турат. Бул рейтингде Орусия менен Борбор Азиянын үч өлкөсүнөн алдыдабыз деп сүйүнүшүбүз мүмкүн. Бирок коңшу Казакстан Кыргызстандан 30 баскыч, Армения 64 баскычка алдыда турат.

Кыргызстанга удаалаш эгемендикке жетишкен мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн ичинен Эстония, Литва, Латвия жана Грузия жемкордуктун деңгээли төмөн алгачкы 50 өлкөнүн катарына кошулса, акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстан 123-орундан өйдө көтөрүлө албай келет. Бул мөөнөт ичиндеги Кыргызстандын эң начар көрсөткүчтөрү 2007-2010-жылдарга туура келет. 2008-жылы коррупциянын тамыр жайышы боюнча Кыргызстан ал кезде Түркмөнстан, Өзбекстан, Зимбабве сыяктуу өлкөлөргө теңелип, 180 өлкөнүн ичинен 166-орунга түшкөн эле.

Эгер улуттук стратегиялар аткарылган болсо Кыргызстан мындан төрт жыл мурда эле коррупцияны ийгиликтүү ооздуктаган алдыңкы элүү өлкөнүн катарына кошулуп калмак. Эл аралык уюм Кыргызстанга экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук жолтоо болуп жатканын айтат.

"Бул багытта системалуу иш жүргүзүш керек болчу деген сөздөргө кошулам. Айрым түзүмдөрдө бирин-серин өзгөрүүлөр болгону менен толук көзгө көрүнөрлүк, бардык тармактарды камтыган системалуу реформа болгон жок. Эл аралык эксперттер белгилегендей, өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр, бийликтин утур-утур алмашканы антикоррупциялык реформаларга да терс таасирин тийгизүүдө",-деп билдирген Transparency International уюмунун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча аймактык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова.

Куралдуу күчтөр

Кайсы бир өлкө канчалык эгемен экенин анын армиясынын абалы да көрсөтүп турары бышык. Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы түзгөн рейтингде Кыргызстандын куралдуу күчтөрү быйыл 140 өлкөнүн ичинен 93-орунга чыкты. Уюмдун анализине таянсак, Борбор Азияда Өзбекстандын, Казакстандын армиясы эң күчтүү. Тажикстандын аскердик кудурети Кыргызстандан бир нече баскычка гана артта турат.

Global Firepower порталы көрсөткөндөй, Кыргызстанда активдүү аскердик кызматкерлердин саны 10-11 миңдин тегерегинде. Бул категория боюнча Кыргызстан Борбор Азияда төртүнчү сапта турса, армияга сарпталган акчанын жылдык көлөмү боюнча чөлкөмдө акыркы катардан орун алган.

Быйыл май айында жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президент Садыр Жапаров куралдуу күчтөр реформалана турганын айткан болчу.

"Куралдуу Күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл. Муну армиянын реформасы деп атасак да болот. Анын эки негизги багытына токтолоюн. Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек. Экинчи жагынан, биз "элдик кошуундарды" түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат", - деп билдирген Жапаров.

Демография

Албетте, аскерлердин саны менен калктын саны да байланышта экени бышык. Андыктан 30 жыл ичиндеги демографиялык өзгөрүүлөргө да учкай токтоло кетели. Эгемендик жылдарында Кыргызстандын калкы кеминде 2,1 миллион кишиге, Өзбекстандын калкы дээрлик 14 миллионго, Тажикстандыкы 4 миллионго, Казакстандыкы 2,5 миллионго, Түркмөнстандыкы 2,2 миллионго көбөйдү. Калктын саны боюнча Кыргызстан менен Түркмөнстан чөлкөмдөгү акыркы саптарда турат.

Адамдын өнүгүү индекси

Эми ошол калктын билим деңгээли жана саламаттыгы тууралуу да кеп кылалы. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Адам потенциалынын өнүгүүсү боюнча рейтингинде Кыргызстан 189 мамлекеттин ичинен 120-орунду ээлейт. Бул рейтингди түзүүдө өмүрдүн узактыгы, жарандардын ден соолугу, билим деңгээли жана жашоо шарты эске алынат.

Аталган индексте КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандан кийинки акыркы орунда Тажикстан эле бар. (125-орун). Ошол эле учурда коңшу Казакстан эгемендик жылдарында алдыңкы 51 мамлекеттин катарына кошулду.

Бактылуулук индекси

Мындай көрсөткүчтөргө карабастан кыргызстандыктар КМШ чөлкөмүндөгү бир топ мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу өздөрүн бактылуураак сезишет экен. Быйылкы "Бактылуулук индексинде" Кыргызстан 149 өлкөнүн ичинен 67и орунду ээледи. Бул жаатта Кыргызстандын жарандары дүйнө өлкөлөрүнүн жарымынан көбүн, анын ичинде экономикасы күчтүү Орусия (76), Түркия (104), Азербайжан (90, ) сыяктуу мамлекеттерди да артта калтырды.

Айтор, 30 жыл ичинде Кыргызстан айрым жылыштарга карабастан көп тармактарда коңшу өлкөлөрдөн артта экенин көрүүгө болот. Өлкөнүн эл аралык рейтингдерде ээлеген орду анын дүйнөдөгү имиджине таасир этери бышык. Андыктан бул көрсөткүчтөрдөн кандай сабак алышыбыз керек? Алдыңкы 10-20 жылдан эмнени күтсөк болот? Ой бөлүшүңүз.

Булак: Азаттык радиосу

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3283