Күйөөсүнөн токмок жеген аял жеке жашоомду бузду деп караоке-барга арызданды
RU

Күйөөсүнөн токмок жеген аял жеке жашоомду бузду деп караоке-барга арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

40x40 караоке-барында эркек киши чыканагы менен урган аял көңүл ачуучу жайга арызданып милицияга кайрылган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Кызды урган жигит дагы эле изделүүдө. Ал анын күйөөсү экен. Болгон окуядан кийин үйүнө бара элек. Жабырлануучу Д.А.га коргоо ордери берилген.

"Аял райондук ички иштер бөлүмүнө караоке-бардын администрациясынын үстүнөн арыз жазган. Бул иш КР Кылмыш-жаза кодексинин "жеке жашоосун бузуу" беренеси боюнча катталган", - деп ШИИБден белгилешти.

Эске салсак, социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чыканагы менен бир соккон видео тараган. Эркек кишинин соккусунан аял тепкичтен ылдый тоголонуп түшкөн. Берилген маалыматка ылайык, инцидент Бишкек шаарында, 40x40 караоке-барында болгон. Бирок кайсы күнү болгону белгисиз, видеокамеранын бурчунда болгону 02:33 деген убакыт көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3323