Бишкектеги жаңы имараттан аялдын жансыз денеси табылган. Шектүү кармалды (видео)
RU

Бишкектеги жаңы имараттан аялдын жансыз денеси табылган. Шектүү кармалды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 48 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү адам кармалды.

Октябрь РИИБден билдиришкендей, 3-сентябрда "Көк-Жардагы" жеке үйлөрдүн биринен болжол менен 40-45 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери бар болчу.

Жабырлануучунун өздүгү такталып, 1972-жылы туулган М.З. атуу жаран экени аныкталды.

Милиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү делген 1991-жылы туулган И.Э.ни изи сууй электе кармашкан.

"Кармалган жарандын көрсөтмөсүнө ылайык, ал мас абалында кылмыш кылган. Оозеки чырдан улам ал М.З.нын муунтуп, натыйжада аял каза тапкан", - деп билдиришти милициядан.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3385