Төрөт учурундагы туура дем алуу техникасын адис айтып берет
RU

Төрөт учурундагы туура дем алуу техникасын адис айтып берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кош бойлуу аял ай-күнү жакындаган сайын процесстин өзү кандай өтөт деп кабатырланат. Төрөт учурундагы дем алуу техникасы баланын жеңилирээк төрөлүшүнө жардам берет. Бул тууралуу Bilesinbi.kg"ге "Ата-энелер мектебинин" инструктору Мээрим Эркебаева айтып берди.

Туура дем алуу аялдын денесин, булчуңдарын бош кармаганга жардам берип, жатын моюнчасынын ачылышын тездетет. Андан тышкары, организмди жана түйүлдүктү кислород менен жетиштүү деңгээлде камсыздоого шарт түзөт.

Төрөт учурунда:

  • жыйрылганга болбойт;
  • кыйкырганга болбойт;
  • тырышканга болбойт.

Албетте, айтып коюу оңой. Төрөт учурунда аялдын организмине укмуштуудай күч келет. Мындайда кыйкырбай, тырышбай, онтобой коюуга мүмкүн эместей. Бирок кыйкырганда сиз көп энергияңызды жана күчүңүздү коротуп саласыз. Кийин ыйынганга алыңыз жетпей калат. Канчалык тырышып жыйрылсаңыз, жатындын ачылышы жайлап, төрөө процесси узара берет. Сиз кандай кыйналып жатсаңыз, бала да ошончолук кыйналат. Төрөттүн узакка созулуп кетиши түйүлдүктүн гипоксиясына алып келиши мүмкүн, башкача айтканда кислород жетишсиз болуп, дем ала албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча, өзүңүз жана бала үчүн төрөт процессин жеңилдетүүгө аракеттениңиз.

Төрөт үч этапка бөлүнөт:

  • Ай толгоо башталып, акырындык менен күчөп, ортосундагы аралык азайып, улам кийинки толгоо катуураак келип чын толгоого өтөт. Бул учурда мурун менен терең дем алып, кайра ооз аркылуу демди чыгаруу керек. Мурун, ооз кургап кетсе, улам суу менен чайкап тургула. Баланын ылдыйлаганы сизге сезилет. Толгоонун аралыктары кыскарат. Бул учурда терең дем ала албай каласыз. Бат-баттан, үстүртөдөн дем алуу керек. Мындай дем алууну "итче" деп да аташат.
  • Төрөттүн өзү башталганда доктурдун айткандарын угуп, анын командаларын так аткарганга аракет кылгыла. Ыйынганда демди оозуңузга эмес көкүрөккө толтуруп, ээкти төшкө такап алып, демди ылдый, ичтен жамбашты көздөй түртүү керек. Ыйынып жатканда кыйкырган жана демди кескин токтоткон болбойт. Бетиңер, башыңар менен ыйынбагыла. Себеби беттеги, көздүн ичиндеги майда кан тамырлар жарылып, көздүн көрүүсү начарлап калышы мүмкүн.
  • Бала төрөлгөндөн кийин акыркы этап бар – бул тондун түшүшү. Анда да кадимкидей толгоо тартып, дагы бир ирет төрөгөндөй болосуңар.

Төрөт - бул сиздин жашооңуздагы олуттуу этаптардын бири, анын соңунда наристеңизди колуңузга аласыз. Бардыгы жайында болушу үчүн кош бойлуу мезгилден тартып дарыгердин көрсөтмөлөрүн жана кеңештерин так аткарып, төрөт учурунда дем алуу техникасын колдонуңуз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Маалымат bilesinbi.kg сайтынан алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3513