Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду
RU

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жакындары эмне үчүн анын экинчи жолу УКМКга суракка чакырышканын айтып беришти.

"Экс-президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 12-августунда Кумтөр маселеси боюнча КР УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгы тарабынан чакырылган. Ага премьер-министр болуп турган кездеги Кумтөр кенине байланыштуу суроолор берилген. Ооба ал азыркы учурда чынында эле УКМКда сурак берип жатат. Мурда берилген суроолордун тегерегинде жооп берип жатат", - деп билдиришти жакындары.

Экс-президенттин өкүлдөрү ошондой эле "Сооронбай Жээнбеков премьер-министр жана президент болуп турганда Кумтөр кени боюнча эч кандай чечим кабыл алган эмес, ошондой эле Канадалык тарап менен эч кандай келишимге кол койгон эмес" деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3581