Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыган деп айыпталууда
RU

Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыган деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШКнын мурунку башчысы, Чүй облусунун экс-губернатору Туйгунаалы Абдраимов Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жакын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 20-сентябрда саат 11:00 чамасында УКМК Эркиндик проспектисиндеги Туйгунаалы Абдраимовго таандык батирге келип, мыйзамсыз баюу боюнча шектүү деген билдирүүнү тапшырган.

"Алар дароо анын батирин, иш бөлмөсүн тинтип, УКМКга алып кетишти", - дешти туугандары.

Белгилей кетсек, буга чейин Туйгунаалы Абдраимов бийликти басып алуу аракети боюнча ИИМге суракка чакыртылган. Ал Kaktus.media редакциясына түрмөдөн коркпой турганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3607