Садыр Жапаров дүйнө коомчулугунун алдында видеокайрылуу жасайт
RU

Садыр Жапаров дүйнө коомчулугунун алдында видеокайрылуу жасайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун генералдык ассамблеясынын Жалпы дебаттардын жогорку жумалыгынын 76-сессиясы ачылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Ачылуу күнүнүн биринчи жарымында, президент Садыр Жапаров видео кайрылуу режиминде дүйнө коомчулугунун алдына чыгып сүйлөдү, деп билдирүүдө айтылган.

Андан тышкары, өлкө башчысынын тапшырмасы менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 23-сентябрда деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн министрлеринин жолугушуусуна жана ядерлик сыноолорду жүргүзүүгө тыюу салуу Келишиминин күчүнө кирүүсүнө колдоо көрсөтүү 2021-Конференциясына катышат. 24-сентябрда Энергетиканын жогорку деңгээли боюнча диалогго, ал эми 28-сентябрда Ядерлик курал жаракты толугу менен жок кылуу эл аралык күнүнө карата жогорку денгээлдеги кеңешке катышат.

Андан тышкары, ТИМдин жетекчиси БУУ жетекчилери жана чет элдик кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3625