Президент Жусуп Абдрахманов менен Ахматбек Сүйүмбаевге өлгөндөн кийинки сыйлык тапшырды
RU

Президент Жусуп Абдрахманов менен Ахматбек Сүйүмбаевге өлгөндөн кийинки сыйлык тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде "Өкмөттүк сыйлыктар сиздерди шыктандырып, келечек муун үчүн мекенге кызмат кылуунун мыкты үлгүсү болуп калсын", - деди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Эгемендүүлүктүн 30 жылынын башаты 20-кылымдын аягында башталган, бирок, бул кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгү жок болуу коркунучунда турган. Жусуп Абдрахманов сыяктуу лидерлердин артында мамлекеттүүлүктү коргоого мүмкүн болгон. Тилекке каршы элден чыккан көптөгөн көрүнүктүү адамдар ошол кезде ар кандай жалган жалаалар менен репрессияга кабылган. Бирок, алардын ордуна жаңы жаркыраган инсандар келди. Алардын бири - мамлекеттик ишмер, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Берлинге жеткен Ахматбек Сүйүмбаев", - деди президент.

Абдрахманов менен Сүйүмбаевдин эрдигине таазим кылуу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Ошондой эле Жапаров коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө алдыңкы сапта турган медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогору баалады, деп маалыматта айтылат

Республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу президенттин жарлыгы менен 189 адам сыйланды.

Мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Ахматбек Сүйүмбаевге өлгөндөн кийинки "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамдары ыйгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3635