Коронавирустан каза болгондордун бири эмдөөдөн өткөн
RU

Коронавирустан каза болгондордун бири эмдөөдөн өткөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бир күндө COVID-19дан эки бейтап каза болду. Алардын бири коронавируска каршы эмделген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бөлүмдүн маалыматы боюнча, ал Sinopharm вакцинасынын эки компонентин тең алган. Башка деталдары белгисиз. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөөдөн кийин антителолор иштелип чыкпай калышы мүмкүн экенин билдирген.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенаписова Kaktus.media редакциясына түшүндүргөндөй, бейтаптын өлүмүнө коронавирус себеп болгон деп айтуу али эрте. Анткени ал башка оорулардан жапа чегип келген.

"Эпидемиологиялык топ иштеп жатат. Оорулуу кант диабети менен ооруп, инсулинге көз каранды болгон. Биз маркумдун аты вакцинаны алгандардын реестринде экенин гана билебиз. Бейтап реанимация бөлүмүндө каза болгон. Анын диагнозу жүрөк оорусун жана дем алуу жетишсиздигин көрсөткөн", - деп түшүндүрдү ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3667