Мигранттардын укугун коргогон Чупиктин Россияга кирүүсунө 2051-жылга чейин тыюу салышты
RU

Мигранттардын укугун коргогон Чупиктин Россияга кирүүсунө 2051-жылга чейин тыюу салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мигранттарга жардам берген "Тонг Жахони" коммерциялык эмес уюмунун башчысы Валентина Чупикти Россиянын коопсуздук кызматы Шереметьево аэропортунда кармап кетишти. "Новая газетанын" жазышынча, ал Россиядан чыгарылып жатат.

"Мен Шереметьево аэропортунда, Ф. терминалындагы атайын кармоочу жайда отурам. Документтерди алып коюшту, мени кайда алып кетишери белгисиз", - деди Чупик.

ФСБнын кызматкерлери укук коргоочуга Россиянын аймагындагы качкын макамын алуу тууралуу билдирүү берди. Ага 2051-жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Эми ал Өзбекстанга депортацияланат.

Чупик бул маалыматты "Новая газетага" жеткирүүгө жетишип, кийин байланышты токтоткон.

Укук коргоочу Анжиян окуясынан кийин Орусияга көчүп кеткен. Ал көп жылдардан бери Москвада жашап, кысымга жана башка көйгөйлөргө туш болгон мигранттарга бекер юридикалык жардам көрсөтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3672