Жапаровдун карындашы Лаззат Novotel мейманканасындагы кече тууралуу интервью берди
RU

Жапаровдун карындашы Лаззат Novotel мейманканасындагы кече тууралуу интервью берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоева маек куруп, туулган күнүндөгү кече тууралуу комментарий берди. Ал интервьюдагы үзүндүсүн инстаграм баракчасына жарыялаган.

"Мынчалык каттуу талкуу болот деп ойлогон эмес. Анткени туулган күн бул бир жылда бир келүүчү өздүк майрам. Ошондуктан ар бир адам жакындарынын курчоосунда тозгонго толук укугу бар. Менин жаман оюм жок, жанымда жүргөн курбуларым, досторум, бирге машыккан таеквондисттер , бир жыл бою чогу жүргөн устаттарым жана окуучуларым менен өткөздүм. Коноктордун катарында мен сыйлаган, жакшы көргөн эжелерим Айзада Жамгырчиева, Назира Бердигулова , жеке тренерим Нуриса Мамбеталиева, дайыма мени сулуулаган Айпери Суранчиевалар чакырылган", -дейт Лаззат.

Баса белгилеп айткым келгени бизди кичинекейибизден эле Ысрап кылбоого үйрөтүшкөн. Конокторумдун көбү мен курактуу болгондуктан биз эч кандай мал союп, эт тарткан жокпуз. Жада калса боорсок, таттуу ,мөмө- жемиш, түркүн салаттар да болгон жок. Биринчи , экинчи тамагы менен эле узап кетишти.

Ал эми Россиядан ырчыларды чакырыптыр деген сөздөр карандай калп сөз. Эч кандай чет мамлекеттен ырчыларды же башкаларды чакырганым жок.

"Баарыныздар билгендей эле 10-октябрь күнү борбор калабызда биринчи жолу чоң, масштабдуу фестиваль өтмөк. Ошол фестивалга катышкан ырчылар мен туулган кун өткөргөн Новотель мейманканасына жайгашыптыр. Ошолордун apасында талкууга алынган МИЯГИ ЖАНА ЭНДШПИЛЬ атуу ырчылары да болгон. Мен конокторумду тоскону фаеге түшсөм , баардык артистер чогулуп элдер менен суротко тушуп жатыптыр. Мен деле эл катары сүрөткө түшүп, инстаграмга киргизип койсом ,ушундай туура эмес маалымат тарап кетиптир. Ал жерде жалгыз эле мен эмес, аларды тааныган баардык жаштар сүрөткө түшүшкөн" - деди Лазат Нуркожоева.

Эске сала кетсек, 9-октябрда Лазат Нуркожоева 21 жашын Novotel мейманканасында белгилеген. Социалдык тармактарда анын россиялык рэперлер менен түшкөн сүрөттөрү тарап, кызуу талкууну жаратты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3905