Тайырбек Сарпашев кайрадан камакка алынып СИЗОго жеткирилди
RU

Тайырбек Сарпашев кайрадан камакка алынып СИЗОго жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку биринчи-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кайрадан УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, Сарпашев тергөө изоляторуна жаңы кылмыш ишинин негизинде жеткирилди.

Эске салсак, ушул жылдын 18-июнунда УКМКнын кызматкерлери "Коррупция" беренесинин негизинде камакка алынганы белгилүу болгон. Аны өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги жана канаданын "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүп алган деп айыпташкан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 31-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок 29-июнда сыртка чыкпоо катынын негизинде бошотулган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3914