Рафаэль Физиев кыргызстандык күйөрмандарынан кечирим сурады
RU

Рафаэль Физиев кыргызстандык күйөрмандарынан кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC мушкери Рафаэль Физиев кыргызстандык күйөрмандарынан кечирим сурады. Тиешелүү постту өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Эске салсак, ал мындан бир нече күн мурун, Кыргызстандын желеги алдында чыкпай турганын жар салган. Мындай чечимди муфтият жана айрым диний ишмерлер тараптан кодулоого туш болгондугу себеп болгон.

"Тилекке каршы, кээде ачуу менен ойлонбой сүйлөп алган сөздөрдү артка кайтара албайсың. Ошого карабастан маалыматтык согуш жогорку деңгээлде өтүп, бардыгын башка тарапка буруп кетишкен. Кандайдыр бир акча, башка өлкөгө сатылып кеткенимди, Америкадан баш калкалоо сураганымды жана башка көптөгөн жалган сөздөр айтылып, мени душманга айлындырышты! Менин Кыргызстандын желеги алдында улутума жана диниме карабастан чыгышыма чын дилинен күйгөн адамдардын алдында кечирим сурайм. Эмоцияларга алдырып, силер менден күткөн нерсени ишке ашыралбаганым үчүн кечиргиле! Албетте, кээде кечирим суроо кеч экенин түшүнөм", - деп жазган.

Эске салсак, Күрөш федерациясынын виые-президенти Алмаз Бекбоев Instagram'га Рафаэль Физиевди диний көз караш боюнча басынтуучу комментарий калтырган. Физиев буга ошондой эле орой жооп кайтарган. Бул кызуу талкуу жаратып, ага айрым диний ишмерлер да кийлигишкен. Учурда ал пост жана бардык комментарийлер өчүрүлгөн.

Рафаэль Физиев жакында UFCден 14-орунду ээлеп, алдыңкы эң мыкты 15 мушкердин катарына кирген. Акыркы беттешин, тагыраагы 7-августта америкалык Бобби Грин менен өткөрүп, UFC 265те жеңишке жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3946