Ура! Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду
RU

Ура! Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Талант Бегалиев ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Белгилей кетсек, ардагерлер чемпионаты Лоутракиде (Греция) өтүүдө.

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандыктар эки медаль - алтын жана коло утуп алышкан.

Талант Бегалиев 70 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болду. Ал финалда америкалык Майкл Мадрини 11:0 эсебинде жеңди. Финалга чейин Литва, Италия жана Россиянын өкүлдөрүн жеңген.

Ал эми Сааданбек Ниязов чемпиондуктун биринчи күнүндө 130 кг салмакта экинчи медалды жеңип алды. Коло үчүн күрөштө ал россиялык Игорь Полетаевди 10:4 эсебинде уткан.

Жалпысынан бул чемпионатта Кыргызстандын намысын алты адам коргойт. Бүгүн, 20-октябрда, D дивизионунда 100 киллограммга чейинки категорияда Чынарбек Изабеков килемге чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3993