Ош-Алай жолунда унаадан Афган гашиши (бангизат) табылды
RU

Ош-Алай жолунда унаадан Афган гашиши (бангизат) табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто СБНОН кызматкерлери унаадан эки килограммдан ашык Афган гашишин табышты. Айдоочу жана эки жүргүнчү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам кызматкерлер Ош облусундагы Ош-Алай унаа жолунун 5-чакырымында Daewoo Matiz унаасын токтотушкан. Анын жүк салгычында баңгизат салынган полиэтилен баштыгы табылган. Айдоочу менен эки жүргүнчүдө да болгон. Кармалган афган гашишинин жалпы салмагы 2 кгдан ашат.

Жарандар камакка алынды. Алардын экөө мурда соттолгон болуп чыккан. Азыр алар Ош шаарындагы No5 СИЗОдо. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4005