Журналисттердин бири Садыр Жапаровду эң сымбаттуу президент деди
RU

Журналисттердин бири Садыр Жапаровду эң сымбаттуу президент деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-октябрда Садыр Жапаров жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өзүн эл аралык прессанын журналситимин деп тааныштырган айым, Кыргызстандын президентине комплимент жасады.

"Биз эл аралык пресса катары сурамжылоо өткөрдүк. Биз кээде ушундай практика кылабыз. Эң сымбаттуу президент. Сиз ошолордун тизмесине киргениңизди айткым келет. Биз сизге бүгүн өтө көп суроо бердик. Ощондуктан сизден кечирим сурайм, көп убакытыңызды алганыбыз үчүн. Сиз менен жолугушабыз деген үмүттөмүн", - деди.

Мындай сөз Садыр Жапаровду күлдүрдү. "Ооба, албетте жолугушабыз", - деп ал күлүп жооп кайтарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4041