Бишкекте унаа уурдаган жаран кармалды
RU

Бишкекте унаа уурдаган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте УПСМ кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнү аныкташты.

Жабырлануучу Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Анын айтымында 5-ноябрда саат 22:45 чамасында Бах-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунун жанынан "Дэу Матиз" үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар тартып алып, качып кеткен. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1992-жылы туулган Б.Р., убактылуу кармоочу жайга камалган. Андан ары иликтөө үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилгени кабарланды.

Аталган факты Ленин РИИБнин ЭППКсына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Автотранспорт каражатын уурдоо" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4234