Эрназар Акматалиев: Аялын урган эркекти залга чакырам
RU

Эрназар Акматалиев: Аялын урган эркекти залга чакырам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнө чемпиону, Азия Олимп оюндарынын квалификациясынын чемпиону, Осло 2021 Дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиев Бишкек шаарындагы унаа токтотуучу жайлардын биринде аялын башка чаап сабаган эркекти күрөшкө чакырарын айтты.

Спортчу "Азаттык" радиосуна интервью берип, журналисттин аялдарга кол салган эркектерге кандай көз караштасың? - деген суроого мындай деп жооп берген:

"Ал боюнча терс көз караштамын. Ал туура эмес. Күчүн аял затынан чыгарган туура эмес. Андай эле күчтүү болсо залга келсин, же болбосо кандайдыр бир жака жардам берсин. Билбейм дагы кандай айтышты", - деди дүйнө чемпиону.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга Бишкектеги унаа токтотуучу жайлардын биринде аялын сабаган эркектин видеосу тараган. Видеодо аял киши качып бара жатканына карабай аны башка муштуму менен соккон эркекти көрүүгө болот.

Милиция кийинчерээк ал жаранга карата кылмыш иши козголгонун билдирип, алар аялы-күйөөсү экенин тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4259