Планетанын эң бай адамы эки күндө 50 миллиард доллар чыгымга учурады
RU

Планетанын эң бай адамы эки күндө 50 миллиард доллар чыгымга учурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык ишкер Илон Маск өзүнүн таандык Tesla компаниясынын акцияларынын баасынын төмөндөшүнөн улам эки күндүн ичинде 50 миллиард доллардан ашык чыгымга учурады. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянуу менен Lenta.ru билдирди.

Твиттер колдонуучулардан ишканадагы 10% үлүшүн сатуу керекпи деген суроосунан кийин өндүрүүчүнүн акциясы кескин арзандай баштаган. Шейшемби күнү Нью-Йорк биржасында сооданын жабылышы менен Tesla акциялары 16% дан ашык арзандады.

Бул жагдай Масктын байлыгын баалоого таасирин тийгизген. Агенттик планетанын эң бай адамы 50 миллиард доллардан ашык каржат жоготконун билдирди. Ошентип, Масктын экинчи орундагы лидерлиги 83 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Дүйшөмбү күнү Bloomberg Масктын байлыгын 323 миллиард доллар, Безосту 201 миллиард доллар деп баалады.

Буга чейин Илон Маск "акыркы убакта ишке ашпай калган кирешелер салык төлөдөн качуунун каражаты экени өтө көп талкуланып жатканын" айткан. Буга байланыштуу ал өзү негиздеген Tesla компаниясынын 10% үлүшүн сатуу керекпи, жокпу деген суроо боюнча колдонуучулардан кеӊеш сурап, добуш бернүн жыйынтыгына карап чечим чыгараарын айткан.

Жыйынтыгында шайлоочулардын көпчүлүгү, 57,9%ы сатууну колдошкон, ал эми 42,1%ы каршы болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4262