Москвадагы метродо кыргызстандык жигит африкалык жаран менен мушташа кеткен. Видео
RU

Москвадагы метродо кыргызстандык жигит африкалык жаран менен мушташа кеткен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы метродон африкалык жаран менен мушташкан кыргызстандык жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Царьград" басылмасы жазган.

Алар ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип, окуя Москва шаарындагы метрополитенде, "Беговая" станциясынан чыккандан кийин болгонун билдиришкен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, 25-жаштагы кыргызстандык жаран, мас абалында африкалык жаранга тийишкен. Кайым айтышуу мушташка айланган. Пикир келишпестиктин себеби эмнеде болгону белгисиз.

Алардын бирине РФтин Кылмыш кодексинин 213-беренеси "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон. Ага ылайык камакка алынган жаран 300 миңден 500 миң рублге чейин айып пул төлөп, түзөтүүчү иштерге тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4266