Бишкекте жетим балдар батирсиз калышкан
RU

Бишкекте жетим балдар батирсиз калышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык органдар жетим балдардын укугун коргоого багытталган мыйзамдардын талаптарын кандай аткарып жатканын текшерди. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тилекке каршы, мыйзам бузуулар бар. Прокуратуралык текшерүүдө борбор калаанын мэриясы тарабынан кыймылсыз мүлктү аныктоо боюнча белгиленген иш жүргүзүлбөгөнү жана турак-жайга муктаж жетим балдарды каттоого албагандыгы аныкталган.

Бул категориядагы балдардын бузулган укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн көзөмөл органы борбор калаанын мэриясына прокурордук чара көрүү актысын тапшырды. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы жетим балдарга – Е.Ю., Б.И., Ж.Н., Н.уулу К., Э.Ж. жана А.Б. үчүн алты батир берди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4293