Жапаров Түркиядагы иш сапарын аяктады. Анда кандай маселелер талкууланды
RU

Жапаров Түркиядагы иш сапарын аяктады. Анда кандай маселелер талкууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Түркиядагы эки күндүк иш сапарын аяктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Биринчи күнү Жапаров түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өнөр жай кооперациясынын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жапаров Түрк Кеңешинин башка лидерлери менен бирге Стамбул шаарында ТМКК Катчылыгынын жаңы штабынын ачылыш аземине катышты.

Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылар бир катар документтерге кол коюшту. Атап айтканда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү, Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу статусун берүү, Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы, "Түрк дүйнөсүнүн көз караштары – 2040" стратегиялык документин кабыл алуу чечими, Түрк фондун түзүүнү аяктоо жана башка.

Саммиттин алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун пландарын белгилешти.

Жапаров иш сапарын аяктаган соң 13-ноябрь күнү эртең менен Бишкекке кайтып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4298