Үч кичинекей баланын жансыз денеси табылды. Алардын апасынын абалы оор
RU

Үч кичинекей баланын жансыз денеси табылды. Алардын апасынын абалы оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-ноябрда эртең менен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйлөрдүн биринен үч жаш баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар ​​билдирди.

Каза болгон балдардын экөө 2017-жылы төрөлгөн эгиздер. Ал эми бир бала быйыл эки жашка толгон. Балдардын апасы өтө оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалымат боюнча, эне жана жаш балдар мештен чыккан ис газына ууланган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4302